Версия для печати
Вторник, 05 Сентябрь 2017 04:25

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды. 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ар бир аймакка курмандык союу үчүн кара мал жана 50 миң сом акча каражатын бөлгөн. Аймактык кеңештердеги майрамдык иш-чараларда өтүп кеткендер эскерилип, куран түшүрүлдү жана аймактык тургундарга майрамдык дасторкондор жайылды. Андан соң Курмандыкка чалынган мал эттери атайын тизме менен аймактык кенештин башчыларынын көзөмөлүндө муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди. Өз учурунда шаар тургундары калаа башчысына ыраазычылык билдирди.
Калаа башчысы Курман айт майрамы-элибизге кубаныч тартуулап, журтубуздун бейпилдигин арттырып, ыймандуу, берешен коомдун түптөлүүсүнө чоң салым кошот деп билдирди. “Ыйык Курман айт күнү мусулмандар ата-бабаларын эскерип, аларга арнап куран түшүрүп, курмандык чалышат, муктаж болгон адамдарга кайрымдуулук жасашат. “Курмандык чалуу- Алла Тааланын буйругуна баш ийүү жана анын бизге берген нимат-жакшылыктарына, ыкластарына ыраазычылык билдирүү болуп саналат”-деп айтышат аалымдар. 

Демек, бул күн бири-бирибизди жакындатып, ортодогу урмат-сыйды жогорулатат. Алла Таала баарыбызга ыйман-ынсап берип, өлкөбүздө, шаарыбызда тынчтык, өсүп-өнүгүү ыроолосун. Кечиримдүүлүктүн, берекенин, ыймандын нурун чачкан майрамыңыздар куттуу болсун ”,- деди А.Кадырбаев.

Бул самаалык салтка айланып жыл сайын аймактык кеңештерге Курман Айт күнү шаар мэри тарабынан курбандыктар таратылып берилет.

 

 

 

Окулду 11524 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо